• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандын Улуттук банкы финансы уюмдарынын ишин токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Казакстанда бардык финансы уюмдарынын, анын ичинде фондулук биржанын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкынын басма сөз катчысы Олжас Рамазанов билдиргендигин жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим антитеррордук операцияга жана интернеттеги убактылуу үзгүлтүктөргө байланыштуу кабыл алынган.

«Мындай чара каржы уюмдарынын кызматкерлеринин жана кардарларынын саламаттыгын жана өмүрүн коргоого багытталган.Казакстандагы финансы уюмдарынын иши 6-январга карата гана токтотулду», - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Пикир

Оставить комментарий