• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Астана шаарындагы Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүн “Кыргызстан түркүн тустүү көп түрдүүлүк” аталышындагы көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Таалайбек Усубалиев жана Казакстан Улуттук музейинин директорунин милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачты.

"Жалпысынан көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгеги коюлган. Келген меймандар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектерге суктанып, алардын көз жоосун алууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Улуттук музей жетекчилиги көргөзмөнү 2022-жылдын 10-ноябрына чейин калтыруу сунушу менен чыгууда. Мындай кадамдар аталган көргөзмөгө кызыгып келген жарандардын көп болгонудугу менен негизделүүдө.

Эске салсак, ушул тапта Астанада Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Анын алкагында бир катар маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган. Маданият күндөрү 27-октябрдан 29-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий