• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын президенти Токаев Астананы Нурсултан деп өзгөртүү сунушун киргизди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Казакстандын экинчи президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүү сунушун киргизди. Бул тууралуу Токаев Астанада президент катары ант бергенден кийин сүйлөп жатып билдирди.

Токаев буга чейин мындай сунуштар болгонун эске салып, андан тышкары Назарбаевге арналган монумент тургузуу сунушун айтты.

Мажилистин депутаттары бул сунушту колдоп, ордунан туруп кол чабышты.

Ошондой эле Токаев шаарлардагы негизги көчөлөргө Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгарыш керек деген пикирин кошумчалады.

Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенти катары ант берди.

Эми Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин Казакстандын президенти болуп калат.

19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кетти.

Назарбаев "Нур Отан" партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий