• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казак жараны КРдан Кызыл китепке кирген ителгини мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. “Чалдыбар-автодоржный” көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан ителги кушту мыйзамсыз алып чыгууга аракет жасаган Казакстандын жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда Э.Дж. аттуу 1987 жылы туулган Казакстандын жараны көзөмөл-өткөрүү пунктуна “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа менен келген.

Автоунааны текшерүүдө бажы кызматкерлери унаанын арткы отургучунун алдында катылан кутучанын ичиндеги кушту табышкан. Казакстандын жаранынын Кызыл китепке кирген ителги түрүн өлкөдөн алып чыгууга уруксат кагаздары болгон эмес.

Тиешелүү документтер түзүлгөн соң, ал ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий