• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алуучулар үчүн тандоо сынагы өтөт

Билим 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Казакстандын университеттеринде 2020-2021-окуу жылында акысыз билим алууга талапкерлер үчүн алдын ала тандоо сынагы 2020-жылдын 23-24-июнунда Билим берүү жана илим министрлигинде өтөт (Бишкек ш., Тыныстанов көч., 257).

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бардык документтерди Билим берүү жана илим министрлигине өз убагында жөнөткөн жана орто баасы «В» же «4»төн, же GPA 3.3 (4.0дөн) кем эмес болгон талапкерлер гана сынакка катыша алышат.

Бакалавриат программасына тапшыруучулар үчүн 23-июнда саат 10:00дө математика, Кыргызстан тарыхы, англис тили боюнча сынак компьютердик тестирлөө форматында өтөт.

Магистратура программасы боюнча талапкерлер үчүн сынактык тандоо 2020-жылдын 24-июнунда саат 10:00дө өтөт. Талапкерлер менен уюштуруучу комиссиянын мүчөлөрү аӊгемелешет.

Казакстандын ЖОЖдорунда окууга документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 19-июнуна чейин узартылат (саат 17:00гө чейин).

Көӊүл буруӊуз!

Коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында сынактык тандоонун алдында талапкерлердин температурасы милдеттүү түрдө текшерилет, ошондой эле колдору антисептикалык эритме менен тазаланат. Талапкерлер социалдык аралыкты сактоо менен орундуктардан орун алышат.

Министрликтин имаратына тек-жайын тастыктаган документтери (паспорту же айдоочулук күбөлүгү), ошондой эле беткап жана колкаптары бар талапкерлер гана кире алат. Бул шарттарды аткарбаган талапкерлер сынактык тандоого катыша албайт.

Пикир

Оставить комментарий