• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алууну каалоочулар тестирлөөдөн өтүштү

Билим 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда Билим берүү жана илим министрлигинде Казакстандын университеттеринде ажыратылган гранттык орундар үчүн талапкерлер тестирлөөдөн өтүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бакалавриат программасы боюнча жалпы 20 адамдан арыз келип түшкөн, алардын 15и тестирлөөгө катышты.

Тесттин жүрүшү бардык санитардык талаптарды эске алуу менен уюштурулду. Эртең тандоо комиссиясынын отурум өтөт жана акыркы чечим чыгарылат.

Сынактан өткөн талапкерлер Казакстандын мамлекеттик университеттерди жана адистиктерди өзү тандайт.

Пикир

Оставить комментарий