• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанга 1,5 миң кг балыкты мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасаган кыргыз жараны кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 27.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Казакстандын чек ара кызматынын “Кордай-авто” чек ара күзөт бөлүмүндө 25-февраль күнү 1 миң 500 кг балыкты мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасаган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун расмий сайтында кабарланган.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасы менен Казакстанга кирүүгө аракет жасаган. Унааны текшерүүдө ичинде тиешелүү документтери жок Кытайдан чыгарылган “судак” ышталган балык салынган 10 кутуча табылган. Ар биринин салмагы 150 кг болгон. Жүктүн жалпы салмагы 1500 миң килограммды түзгөн.

Жүк алынып Кордай районунун ветеринардык кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий