• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанга аткезчилик жол менен 800 миң сомдук товарды өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары тарабынан аткезчилик жолу менен жүк өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, чек арачылар тарабынан Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылынан алыс эмес жайдагы мамлекеттик чек ара тилкесинде Казакстан тарапка бара жаткан Toyota автоунаасы токтотулган.

Унааны текшерүү маалында акциздик маркасы жок чылымдар табылган. "Текшерүүнүн жүрүшүндө аткезчилик жүк Казакстанга бара жаткандыгы аныкталды. Жүктүн жалпы суммасы 800 миң сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер чогултулган соң кармалган жарандар жана жүк Финполдун кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий