• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанга келе турган Pfizer вакцинасы балдарга жана кош бойлуу аялдарга гана колдонулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Казакстанда коронавируска каршы америкалык Pfizer вакцинасы октябрда жеткирилет, алгач аны балдарга жана кош бойлуу аялдарга саюу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой кабарлады.

"Бул вакцинага үмүт артуунун кажети жок. Аны балдар менен кош бойлуу аялдарга гана колдонобуз. Ошондуктан, азыр барып эмдөө алуу керек. Азыр бизде вакциналар бар, болжол менен бир аптадан кийин ДССУ уруксат берген кытайлык вакцина келет", - деди Цой.

Июлда казак президенти Касым-Жомарт Токаев Pfizer/BioNTech вакцинасынын эки миллион дозасы Казакстанга май айында жеткирилүүгө тийиш болгонун, бирок бул план үзгүлтүккө учураганын билдирген. Ал вакцинанын өлкөгө жеткирилбей калганына эмне себеп болгонун жана ким күнөөлүү экенин айткан эмес.

Ушул тапта Казакстанда орусиялык "Спутник V", казакстандык QazVac, кытайлык Sinopharm жана Coronavac вакцинасы колдонулууда.

Пикир

Оставить комментарий