• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанга кытай жана өзбек жарандарын мыйзамсыз киргизип жүргөн топ кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Казакстандын аймагына Кытайдын жана Өзбекстандын жарандарын мыйзамсыз киргизүү менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу казак Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

«31-январдагы атайын операциянын жүрүшүндө Шымкент шаарындагы жоопкерчилиги чектелген шериктештиктердин биринин аймагында Кытайдын 73 жана Өзбекстандын 137 жараны кармалды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, кытай жарандары Казакстанга транзиттик аба каттамдары менен келип, өлкө аймагында мыйзамсыз калып калышкан. Учурда аларды өлкөдөн чыгаруу маселеси каралууда.

Болжолдуу түрдө миграциянын мыйзасыз каналын Кытайдын эки жана Казакстандын бир жараны уюштурган. Алар кармалып, учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий