• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанга мыйзамсыз күйүүчү май киргизүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Казакстанга мыйзамсыз күйүүчү май киргизүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, “Айша биби-авто” көзөмөл пунтунун “Мерке” бөлүмүндө чек арачылар 50 жаштагы айдоочуну “Форд Транзит” унаасы менен кармаган. Унаада 15 газ балон жана 500 литр күйүүчү май үчүн кошумча цистерна болгон.

Андан кийин Кыргызстандын 1995-жылкы жараны так ушундай унаада 2 миң литр күйүүчү май менен кармалган.

Ал эми Кордай чек ара отрядынын “Сартобе-авто” чек ара өтмөгүндө 29 жаштагы кыргызстандык жаран “Mersedes Benz Sprinter-518” унаасында 4 тонна АИ-92 күйүүчү майын киргизүүгө аракет жасаган.

Ошол эле отряддын “Кордай-авто” пунктунда тиешелүү документтери жок 170 литр күйүүчү майды “Mitsubishi Deliсa” унаасында киргизүүгө аракет жасаган КРнын 50 жаштагы жараны кармалган.

Кармалгандар Жамбыл облусунун укук-коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий