• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казань шаарында ЕӨАК жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 27-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында кечээ, 26-майда, Россия Федерациясындагы Татарстан Республикасынын Казань шаарында Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйыны тар жана кеңири курамда өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

ЕӨАК жыйынында ЕАЭБ кирген өлкөлөр ортосунда интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташуу тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынына ЕӨАК Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий