• 84.79
  • 96.23
  • 1.13

Казанда мектепте ок атылып, тогуз киши мерт болгону кабарланды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Татарстандын борбору Казанда 11-майда №175 гимназиядагы ок атуудан тогуз киши мерт болгону кабарланууда.

Алардын бири мугалим болушу мүмкүн. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат, имарат курчалып турат. Окуучулар имараттын терезелеринен эвакуацияланган.

Орусиядагы «Интерфакс» агенттиги мектептин администрациясына шилтеме берип, гимназиянын окуучуларынын бири класска кирип ок ачканын жазып чыкты.

Ал эми башка маалымат каражаттары ок ачкан адам кармалганын кабарлоодо. Бул маалымат расмий түрдө ырастала элек.

Пикир

Оставить комментарий