• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казанда сот мектепте ок аткан Ильназ Галявиевди эки айга камады

Дүйнө 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Казань шаарынын Совет райондук соту мектепте ок аткан Ильназ Галявиевди эки айга камады. Тергөө комитети ага “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча айып такты.

Тергөөчү Ильназ Галявиев 11-майда мектепке курал алып кирип, 17 жолу атканын, 9 киши өлгөнүн, 21и жаракат алганын билдирди. Мындан тышкары ал гимназиянын биринчи кабатына колго жасалган жардыруучу зат жайгаштырган, жардыруудан эч ким жабыркаган эмес.

Анын айтымында, Ильназ Галявиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Ильназ Галявиев 9-класска чейин аталган мектеп окуп, ага жакын жайгашкан колледжге которулган. Ал акыркы учурда окуудагы жетишпестиги үчүн колледжден чыгып калган.

Пикир

Оставить комментарий