• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казанда түрк киносунун фестивалы старт алды, КРдин атынан “Саякбай” тасмасы катышат

Маданият 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. 21нен 25-март күндөрү Казанда эл аралык түрк киносунун фестивалы өтөт. Форумда 7 өлкөнүн эң алдыңкы киноматографисттери катышат: Россия, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан.

Фестивалдын ачылышы 21-мартта саат 14:00дө “Мир” кино театрында өтөт. Саат 15:30да ошол эле жерде Ю.Фетинганын (Россия/Татарстан 2009) “Бибинур” тасмасы көрсөтүлөт, көрүү акысыз.

Кыргыз тасмасы эртең, 22-мартта саат 18:00 – 19:30 көрсөтүлмөкчү.

2018-жылдын апрелинде дал ушул фестиваль Казакстан жана Кыргызстанга келээри пландалууда.

"Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун эстеп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдык үчилтигинин табышмагы болуп эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Бир нече көрсөтүүдөн кийин тасманын режиссерлору, актерлер же продюсерлер менен чыгармачыл жолугушуу болот. 22-23-24-мартта жана 25де 12:00дө көрсөтүлө турган сеанстарга билеттердин баасы – 100 рубль, калган иш-чараларга кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий