Казарман айылында тоо текелерди өлтүргөн браконьерлер кармалды (сүрөт)

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында тоо текелерди өлтүргөн браконьерлер кармалды, - деп билдиришти облустук ички иштер башкармалыгынан.

Маалыматка ылайык, Казарман айылында 4-декабрда болжол менен саат 22:00дөр чамасында милиция кызматкерлери "Ауди-100" үлгүсүндөгү унаадан ок дарыларды, курал жана өлтүрүлгөн 3 тоо текесин табышкан.

Ведомстводон кабарлашкандай, мурда милицияга ыкчам маалымат келип түшкөн.

Шектүү катары жергиликтүү 4 тургун кармалган: М.Исаков, Атырбек уулу Алтынбек, Болотов Жакшылык жана Дүйшенбек Дыйканбаев.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий