• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казарман-Актал-Чат унаа жолуна кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман-Актал-Чат унаа жолуна кар көчкү түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн, 20-декабрда болжол менен саат 13:10дор чамасында унаа жолдун 43-44-чакырымына болжол менен 5 миң куб метр болгон кар көчкү түшкөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Учурда жолду кардан тазалоо иштерине 2 техника жана 20 кызматкер тартылган.

Пикир

Оставить комментарий