• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казарман-Акталчат унаа жолу толугу менен калыбына келди – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. Казарман-Акталчат унаа жолу толугу менен калыбына келди,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунда 2018-жылдын 27-мартында болжол менен саат 22:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Союл суусунун деңгээли көтөрүлүп, Казарман-Акталчат унаа жолунун 18 жана 25-чакырымдарын жууп кеткен. Учурда унаа жол ачык.

“Жолду калыбына келтирүү үчүн №18 жол тейлөө ишканасынан 2 грейдер, 1 УАЗ үлгүсүндөгү унаа жана 7 кызматкер тартылган.Кечээ, 3-апрелде Ак-Союл суусунун жээгин бекемдөө жумуштары жүргүзүлүп, толугу менен аяктаган”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий