• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казарман-Акталчат жолунда катуу бороон болуп, жол жабылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Нарындын Казарман-Акталчат жолунун Кара-Гөө ашуусунда катуу бороон болуп, жол жабылды. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул эле жолдун Дөдөмөл участкасынын 35-44-чакырымында дагы бороондон улам жол жабылган.

"Бир метр аралык көрүнбөй жатат. Учурда эки бульдозер иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий