• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казармандагы аэродромду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Казармандагы аэродромду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалымата ылайык, азыркы учурда аэродромду оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата аэродромдун учуу-конуу тилкеси, учактын токтоочу жайлары жана башка бөлүктөрүнө туурасы 5 метр болгон жалпы 410 метр асфальт төшөлдү.

Иштерди "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы аткарып жатат.

Пикир

Оставить комментарий