• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Казинформ» агенттиги СOVID-19дун курмандыктарына арналган Улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу кыргыз элине көңүл айтат

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Аскар Умаров коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарынын элесине карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу жалпы кыргыз элине көңүл айтты.

««Казинформ» агенттигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан боордош Кыргызстан элине коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы Улуттук аза күтүү күнүнө карата колдообузбу билдиребиз. Ушундай кыйын учурда каза болгондордун жакындарына чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, ал эми ооруп жаткандарга тез арада сакайып кетишин каалайбыз. Пандемияга каршы көрүлүп жаткан иш-чаралардын жана Кыргызстан элинин ынтымагы жана биримдиги аркасында эпидемиологиялык жагдай турукташат деп ишенебиз. Элибизде тынчтык, журтубузда аманчылык болсун», — деп айтылат Аскар Умаровдун көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий