• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Kazinform: Димаш Кудайбергенов «China Top music Awards» кызыл килеминен өттү

Дүйнө 0

Казинформ": Димаш Кудайбергенов 24-чү «China Top music Awards» кытай популярдуу музыка сыйлыгынын кызыл килеминен өттү. Бул тууралуу “Казинформ” ЭМА кабарчысы билдирди.

Казакстандык аткаруучу “Азиянын мыкты аткаруучусу” (Best Asia popular singer) номинациясына көрсөтүлгөн. Ал аны бүт дүйнөгө белгилүү кылган француз тилиндеги «SOS d'un terrien en détresse» ырын аткаруусу күтүлүүдө.

"China Top music Awards» сыйлыгы эң таланттуу ырчыларга ыйгарылып, кытай музыка коомчулугунда көрүнүктүү окуялардан болуп саналат. Ошондой эле, бул сыйлыкты кытай Грэммиси“” деп аташат.

Сыйлык тапшыруу салтанаты Dragon TV эфиринде түз көрсөтүлөт. Эскерте кетсек, Димаш Кудайбергенов Кытайдагы «Singer» рейтингдик шоусуна катышууда. Ал 10-сезондо 3-орунду алып, финалдагы ордун камсыздаган. Сынактын сахнасына чыгып, ал жогорку белгилүүлүккө жана Кытайда көп сандаган күйөрмандарын тапты.

Пикир

Оставить комментарий