• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Кең-Булуң - автожол» жана «Токмок - автожол» бекеттери үчүнчү өлкөнүн жарандарын өткөрө баштады

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 2-мартында саат 08.00дөн баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кең-Булуң - автожол» (Кыргызстан) - «Аухатты» (Казакстан) жана «Токмок - автожол» (Кыргызстан) - «Сортобе» (Казакстан) өткөрүү жайлары үчүнчү өлкөнүн жарандарын өткөрө баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, “2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүнүн ортосундагы Макулдашуусуна” Астана шаарында 2018-жылдын 17-августунда кол коюлган өзгөртүүлөрдү киргизүү Протоколуна ылайык “Кең-Булуң-автожол” жана “Токмок-автожол” өткөрүү жайларынын макамы эки тараптуудан көп тараптууга өзгөрдү.

Көп тараптуу (эл аралык) «Токмок-автожол» өткөрүү жайы адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө. Ал Токмок шаарына жакын Ю.Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

Көп тараптуу (эл аралык) «Кең-Булуң-автожол» өткөрүү жайы адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө. Ал Кең-Булуң айылына жакын жайгашкан.

Аталган өткөрүү жайлары күнү-түнү иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий