• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Кең-Булуң-Автожол» жана «Токмок-Автожол» өткөрмө пункттарына эл аралык макам берүү каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы менен КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев тааныштырды.

«КР эл аралык келишимдери жөнүндө» мыйзамдын 3-беренесине ылайык, бул Протокол Кыргыз Өкмөтүнүн жана Казакстан Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн өкмөттөр ортосундагы эл аралык келишим болуп саналат. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында 2017-жылы КР Мамлекеттик чек ара кызматынын «Токмок-Автожол» жана «Кең-Булуң-Автожол» өткөрмө пункттарын кайра конструкциялоо жана техникалык жактан жабдуу жүзөгө ашырылган. Протоколду киргизүүнүн максаты болуп Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ортосунда ак ниеттүү коӊшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында өткөрмө пункттардын талаптагыдай иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү саналат.

Протоколдо жогоруда аталган Макулдашууга тиркеменин 2 жана 3-пункттарына «Кең-Булуң-Автожол» жана «Токмок-Автожол» өткөрмө пункттарын эки тараптуу статустан көп тараптуу (эл аралык) статуска өзгөртүү аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Макулдашууга тиркеменин 7-пунктуна Казакстандын Жамбыл облусунда жайгашкан “Нововоскресеновка-автожол” өткөрмө пунктунун аталышын “Сыпатай баатыр-автожол” өткөрмө пунктуна өзгөртүү аркылуу өзгөртүү киргизүү каралган.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы айрым чечиле элек маселелер боюнча тактоочу суроололрдон кийин ратификациялык мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий