• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кең-Булуң линиясынын үзүлүшү 3 облустун айрым абоненттерин интернетсиз калтырды

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чүй облусунун Кең-Булуң айылындагы линиянын үзүлүшү 3 облустун айрым абоненттерин интернетсиз калтырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызтелекомдун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКларда линиянын үзүлүшү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын бардык абоненттеринде интернет иштебей калганы маалымдалган.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн Кең-Булуң айылында байланыш чубалгысы үзүлгөн. Бул линия облустар аралык байланышты камсыздап турган. Алар – Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустары. Белгисиз бирөөлөр жерди казып, линияны үзүп салышкан.

“Учурда оңдоо-түзөө бригадасы иштеп жатат. Окуя болору менен биз резервдик линияны коштук. 3 облустун айрым абоненттери интернетсиз калышты. Бул 3 облус толук бойдон интернет байланышы жок калды деп айтууга болбойт. Чүй облусунда интернет бар, Токмок шаарында гана жок. Калган 2 облуста интернет айрым абоненттерде иштеп жатат. Оңдоо иштери аяктап калды”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ведомство азырынча интернетсиз калган абоненттердин санын так айта албайт.

Пикир

Оставить комментарий