• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кең-Булуң-унаа жолу” көзөмөл бекети реконструкцияга байланыштуу 27-марттан баштап жабылат – МЧК

Коом 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Реконструкцияга байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги “Кең-Булуң – унаа жолу” текшерүү-көзөмөл жайында 2017-жылы 27-марттан тартып адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, курулуш иштерин бүтүрүү датасы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Аталган көзөмөл жайындагы курулуш иштери КРнын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө жарандарга жакшы шарттарды түзүү максатында КР премьер-министринин тапшырмасына ылайык 2016-жылы октябрда башталган.

“Кең-Булуң – унаа жолу” текшерүү-көзөмөл жайын модернизациялоо көзөмөл жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтип, аны эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууга жол ачат.

“Кең-Булуң” ТК жайында курулуш иштери жүрүп жаткан учурда жарандар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан жакынырак жердеги “Акжол – унаа жолу”, “Актилек –унаа жолу”, “Чалдыбар – унаа жолу” жана “Токмок – унаа жолу” текшерүү-көзөмөл жайларынан өтө алышат.

Кыргызстандын ЕАЭБге интеграциясынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде “Актилек –унаа жолу” жана “Чалдыбар – унаа жолу” жайларын дагы реконструкциялоо каралган.

Пикир

Оставить комментарий