• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрмө пункттарына эл аралык макам берилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң-Автожол» жана «Токмок-Автожол» өткөрмө пункттарына эл аралык макам берилет. Эки өлкөнүн ортосундагы тийиштүү макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда колдоду.

Аталган ратификациялык мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов баяндама жасады.

КР эл аралык келишимдери жөнүндө» мыйзамдын 3-беренесине ылайык, бул Протокол Кыргыз Өкмөтүнүн жана Казакстан Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн өкмөттөр ортосундагы эл аралык келишим болуп саналат. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында 2017-жылы КР мамлекеттик чек ара кызматынын «Токмок-Автожол» жана «Кең-Булуң-Автожол» өткөрмө пункттарын кайра конструкциялоо жана техникалык жактан жабдуу жүзөгө ашырылган.

Протоколду киргизүүнүн максаты болуп Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ортосунда ак ниеттүү коӊшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында өткөрмө пункттардын талаптагыдай иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү саналат.

Протоколдо жогоруда аталган макулдашууга тиркеменин 2 жана 3-пункттарына «Кең-Булуң-Автожол» жана «Токмок-Автожол» өткөрмө пункттарын эки тараптуу статустан көп тараптуу (эл аралык) статуска өзгөртүү аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле макулдашууга тиркеменин 7-пунктуна Казакстандын Жамбыл облусунда жайгашкан “Нововоскресеновка-автожол” өткөрмө пунктунун аталышын “Сыпатай баатыр-автожол” өткөрмө пунктуна өзгөртүү аркылуу өзгөртүү киргизүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий