• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кечээ Аламүдүн районунда жер көчтү

Кырсык 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Таш-Дөбө айыл аймагында 14-февралда болжол менен саат 13:00дө №10127 аскердик бөлүктүн аймагына болжол менен 600 куб метр жер көчкү түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, көчкүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жерине куткаруучулар, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адис жана аскер бөлүктүн аскерлери тартылган.

14-февраль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мониторинг жүргүзүү жана божомолдо департаментинин адисинин маалыматына ылайык, болжол менен 1 миң куб метр жер көчкү түшүүсүн билдирген. 15-февраль күнү тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин тиешелүү иш чаралар жүргүзүлөт.

Жеринде аталган аскердик бөлүктүн аскерлери нөөмөттө турушат.

Пикир

Оставить комментарий