• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кечээ Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында 29-сентябрда саат 18:41де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жер титирөө Кадамжай районунун Кадамжай шаарында, Пульгон, Котур-Булак, Жийделик, Кызыл- Булак, Таш- Кыя айылдарында 3,5 балл, Кароол, Кара-Жыгач айылдарында 3 балл жана Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий