• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кечээ Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түштү

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 208-209-чакырым аралыктарында (Молдобай-Сай тилкеси) 11-февралда саат 10:30дар чамасында жалпы 2 649 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол тазалоо иштерине техникалар тартылып, жол толугу менен саат 13:00дө тазаланып ачылган.

Пикир

Оставить комментарий