• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кечээ Бишкекте мээ кайнаткан ысыктан улам 5 адам эс-учун жоготкон

Ден соолук 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Кечээ, 27-июнда Бишкекте мээ кайнаткан ысыктан улам беш адам эс-учун жоготкон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Тез медициналык жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, тез жардам кызматынын медиктери жарандарга жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.

“Тез жардам кызматы штаттык режимде иш алып барууда. Кооптонууга негиз жок”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ абанын табы +40 градуска чейин ысый турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий