• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кечээ Чүй жана Нарын облустарында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Кечээ, 22-мартта Чүй жана Нарын облустарында жер титирөө катталганын Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, 22-мартта саат 16:45те Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Арсы айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 18:17де өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун "Ысык-Ата" курортунда жана Чүй районунун Арпа-Тектир айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий