• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кечээ Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кечээ, 31-мартта Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-мартта саат 12:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, Тогуз-Булак, Сары-Күңгөй айылдарында жана Алай районунун Кара-Жыгач, Кең-Жылга айылдарында күчү 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 22:25те Кыргызстан жана Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Бөжөй айылдарында күчү 3 баллга чейин, Кызыл-Коргон, Советский айылдарында күчү 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий