• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кечээ түнү Баткенден Бишкекке дагы 8 жабырлануучу которулду. Бирөөнүн абалы өтө оор

Ден соолук 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кечээ түнү Баткенден Бишкекке дагы 8 жабырлануучу которулду. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда борбор калаада жалпы 56 бейтап дарылануусун улантууда.

“Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 35, Улуттук хирургия борборунда 9, Улуттук госпиталда 12 бейтап бар. Мындан тышкары, Баткен облустук бириккен ооруканасында бир, Кадамжай аймактык ооруканасында 16, Самаркандекте 2, Лейлекте 7 бейтап дарыланууда. Калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн”, - дейт ал.

Солтонбекова Бишкекке которулган бейтаптардын бирөөнүн абалы өтө оор экендигин белгилейт.

“6 бейтаптын абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана канааттандырарлык деп бааланууда. Операцияга шашылыш муктаж бейтаптарга операциялар жасалды, кийинки аптада дагы денедеги жат бөлүкчөлөрдү алуу боюнча операциялар жасалмакчы”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий