• 84.8
  • 98.41
  • 1.19

“Кечки 11де деле жарык”, “Кары-картаңдар көп”, “Жекшемби күнү дүкөн жабык” ― Германиядагы мекендештер

ТАГДЫР 0

Германия өлкөсүнө жайдын келиши менен студентердин агымы жыл санап өсүүдө. Кээ бири акча табууну көздөсө кайсы бири саякаттоону эңсеп барышууда. "Кабар" маалымат агенттиги сиздерге Германияга жаңы барган студенттердин алгачкы таасири, көз карашы туурасында айтып бермекчи.

Жайкы эс алууда иштегени кеткен студенттер Бишкекте орун алган мекемелердин биринен жарым жыл немис тилин үйрөнүп туруп кетишет. Тил үйрөнүп жатканда иш берүүчүлөр менен баарлашуунун негизинде жумушка кабыл алынат. Оңой көрүнгөнү менен виза маселеси татаалга турат: визанын айынан Германияга бара албаган студенттер да жок эмес.

Бул ирет Германиянын туристтик шаарларында иштеген 7 студент туурасында баяндап бермекчибиз. Алар түркүн кызматта жана ар башка шаарларында эмгектенет. Сиздерге мекендештерибиздин алгачкы таасирлери, таң калган көрүнүштөр жана аталган өлкөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз баштасак.

Германиянын Гамбург шаарында тейлөө тармагында (официант) иштеген Нуржан Бейшенбекова, “Power People” компаниясы күндүн башталышында кайсы кофе, ресторанга жумушчу керек болсо, ошол жакка жумушчуларды жиберээрин айтат.

“Бул жакка келгениме 21 күн болду. “Power People” компаниясы аркылуу иштеп жатабыз. Ар кайсы кофе, ресторандарга барып иштеп турабыз. Башында кооптонуу пайда болгон, кантип табып барабыз деп. Бирок, өнүккөн мамлекет болгондуктан Гамбург шаарынын атайын оңой түзүлгөн картасын беришти. Аны менен бара турган жерибизге оңой жетип алабыз. Бир күндө 6 сааттан 8-9 саатка чейин иштегенге жетишсе болот. Саатына 10 евродон төлөнөт”, ― дейт Бейшенбекова.

Гамбург шаарында калктын басымдуу бөлүгү кары-картаңдар, алардын бири-бирине болгон сүйүүсү жана сейил багында жетелешип жүргөнү Нуржандын да көңүлүн бурду:

― Кыргызстанда чанда байкалуучу көрүнүштөрдүн бири улгайгандардын сүйүүсү, аны бул жакта ар бир кадам сайын байкоого болот. Абасынын өзгөчөлүгүн байкадым, жай мезгили Кыргызстандагы күз мезгилиндей суук жана жаан көп жаайт. Ошондой эле, түн кирсе дагы жарык бойдон кала берет экен. Кечки саат 11лерде деле жарык жана түнкү 2ден кийин кайра жарык түшө баштаганын көрсө болот. Транспорт тармагына да баа бердим, ар бир мүнөтүнө чейин так белгиленип, ошол убакыттан кечикпей келет. Айдоочунун сылыктыгын майып адамдарды өзү көтөрүп жардам бергенинен байкадым. Кандайдыр жардам керек болсо немистер дайыма жардам берүүгө ынтызар келишет экен.

Өнүккөн өлкө болгондуктан миграция тармагы да өнүккөн. Аны менен бирге кыргыздардын да саны көбөйгөнүн байкаган Нуржан Бейшенбекова шаар ичин кыдырганда мекендештерине жолугуп калат:

― Немистерге караганда мигранттар басымдуулук кылат. Ал мигранттардын арасында кыргыздардын саны да көбөйгөнү билинип турат. Алгач барганда кыргыздардын эң эле кыйынчылыктарынын бири бул желим баштыктын жоктугу болуп эсептелинет. Дүкөндөрдө такыр берилбейт, өзүң чүпүрөк баштык же кагаз баштык алып барышың керек. Анысы аз келгенсип көпчүлүк жерде чочконун эти сатылат. Биз атайын карап, тооктун этин алып жатабыз. Кыргыздар менен чогуу жашагандыктан өзүбүз Кырызстандан алып келген азык-түлүктөрүбүз бар, ошону менен тамак жасап жатабыз. Бул жактын тамагынын даамы башкача болгондуктан көнө элекпиз.

Штутгарт шаарында Als Kellner (официант) болуп иштегенине 20 күн болгон Зилолидин Досбаев бир гана иш менен алек болбостон саякаттоону да эстен чыгарган жок. Ал Италиянын Рим, Ватикан, Милано, Венеция шаарында, Австриянын Инсбрук шаарында, Швейцариянын Цюрих, Люцерн шаарында жана Германиянын Штутгарт, Мюнхен, Ульм, Аугсбург, Констанц, Херренберг, Людвигсбург шаарына саякат жасаган.

“Германияга аз эле убакыт болсо дагы бир нече жерлерге саякат жасап келдим. Учурда Швейцарияда эки күндүк эс алууда жүрөм. Мага эң жакканы тегерек четтин баары жашыл болгону, абасы таза, элдер бири-бири менен сылык-сыпаа мамиледе болуусу. Көчөдө бирөө менен тиктешип калсаң сенден биринчи жылмайып салам беришет. Бир гана өзүнүн убактысына так эмес сенин да убактыңда сыйлай билишет”, ― деди Зилолидин Досбаев.

Шаарда улгайгандар шайтан арабаны (велосипед) укмуштуудай тебишет жана айдоочулар аларга дайыма жол бошотуп турат. Жума, ишемби күндөрү азык-тулүк алып албаса жекшемби күндөрү дүкөндөр жабык болоорун Досбаев кошумчалап кетти.

Алмаспек кызы Мирайым Волгаст шаарындагы наабайканада кассир кызматында иштегенине 26 күн болду. Алмаспек кызы, немис жаштары орой жана сүйлөгөндө үнүн катуу чыгарып сүйлөсө, улуу муундар тескерисинче жардам берүүнү каалаганын айтат:

“Германияга жаңы келгенде үйүбүздү издеп жатып адашып кеткенбиз. Жолдон бир балага жолугуп жардам сурасак, ал биздин дарегибизди таап бере алган жок, бирок бизге үйдү ижарага берген адамга чалып биздин абалыбызды түшүндүрүп берди. Ал адам унаасы менен келип бизди алып кетмей болду. “Силерди алып кеткенче күтүп турайын, анан силерди унаага салып коюп кетейин”, ― деп бизге жардам берген бала айтып калды. Аны убара кылбайын деп, рахматыбызды айтып узатып койдук. Көп өтпөй унаа келип, бизди алып кетти. Жардам берген бала кийин үйдү ижарага берген адамга чалып биздин номерибизди сураптыр, бирок ага номерди бербей коет. Ошол күндүн эртеси биздин үйүбүздүн эшигин эки полицейский такылдатып калды. Биздин абалыбызды сурап, баары жайындабы деп. Көрсө, бизге жардам берген бала полицейскийге чалып, биздин ал-абалыбызды билип коюну сураптыр”.

Наабайканада иштеген Алмаспек кызы Мирайым немис элинин нанды көп жегенине жана көчөдө адамдар бут кийим кийбестен жүргөнүнө таң калган:

― Элдери жөнүндө айтсам, мен наабайканда иштегендиктен эрте менен элдер аябай толуп калат. Нанды көп жеген калктардын бири. Көчөлөрдө элдер бут кийим кийбей жүрө беришет экен. Ошондой эле, жаңы келгендерди кызыгуу мененби же кооптонуу мененби, айтор көпкө жана түңүлүп карап турушат. Таштандыларды көргөн жерге ыргытышпайт, мыйзам жол бербейт, андыктан болбойт деп ойлошот.

Анарбекова Альбина Штутгарт шаарындагы “Tripsdrill” паркында балмуздак сатып иштегенине 2 жума болду. Анын айтымында, жаңы келген жумушчулар менен мурунтан бери иштеп жүргөн жумушчуларга бирдей мамиле кылышат.

“Мени таң калтырган көрүнүш бардык жумушчуларга бирдей мамиле кылуусу. Сен жаңы келдиң деп башкача мамиле кылышпайт. Бизге чейин көптөн бери иштеп жүргөндөр менен бизге кылынган мамиле бирдей. Дагы айта турчу нерсе, ушак менен эч кимдин иши жок, ар бир адам өзү каалаганды кылып жүрө берет. Тазалыгын бир гана шаарда эмес талаалардын тазалыгын байкаса болот. Чөптөрүнүн баары кесилген жана тыкан”, ― деп Анарбекова өз оюн билдирди.

Мангейм шаарында электриктин жардамчысы болуп иштеген Тилек Марленов, Германияда Кыргызстанга караганда кылмыштуулук аз экенине токтолду:

― Менин келгениме 20 күн болду. Бул жактан мени сүйүндүргөн нерсе бул кылмыштуулуктун аздыгы болуп эсептелинет. Интернет булактарынан окуган маалыматтарга караганда кылмыштын көпчүлүк пайызы башка өлкөдөн келгендер арасында байкалат. Визадагы көйгөйлөр мына ушундан улам пайда болуп жатат деп ойлойм. Экинчи таасирим, экологияга кам көрүүсү, тактап айтканда, желим бөтөлкөнү 0,25 центке тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Марленов, Германия урбанизация боюнча дээрлик өнүккөн мамлекет болгонун жана спорт менен машыгууну каалаган жаштар үчүн шарттар түзүлгөнүн белгилейт.

Сабина Абдыбачаева Хайлигенхафен шаарындагы наабайканада иштегенине 15 күн болду. Абдыбачаеванын айтымында, Германиянын инфраструктурасы дээрлик өнүккөн. Бирок, ал жерде жол киреге кеткен чыгым өтө эле жогору болгонун айтат.

“Бул жердеги үйлөрдүн кээ бири эски болгону менен укмуштуудай кооз көрүнөт. Короолорунда бактар, гүлдөр жана өзгөчө кооз аксессуарларларды көрүүгө болот. Ал короо, үйлөрүн биздикиндей кылып тороп алышайт. Жакшы жагы менен кошо жаман жагын да айтпай кетсе болбойт, жол кире абдан кымбат. Маселен, Гамбургдан менин шаарыма чейин 3 коомдук транспорт менен жетем. Анын баасы 29 еврону түзөт, биздин сом менен 1700 болот”, ― дейт Сабина Абдыбачаева.

Каарманыбыз алгач Гамбург шаарына учактан конгондо бардык нерсе ирети менен болгонун көргөн. Аэропорттун ичинде эле жаңы келгендер үчүн багыт көрсөтүүчү атайын тактайчалардын болгону Абдыбачаевага бир катар жеңилдиктерди жараткан:

― Учактан конгондо эле бардык шарттар бар экенин байкадык. Аэропорттон көптөгөн нерселерди оңой таап алууга болот экен. Элинин жардамга шашып турганына таң калдым. Жаңы барганда үйүмдү табып барыш керек эле. Көпкө издеп таппай койдум, анын сыңары көчөдө эл көрүнбөйт. Анан бир үйдүн экинчи кабатында каарыган аялдарды көрүп калып жардам сурадым. Алардын бирөөсү жалкоолонбой мага түшүп келип, көчөмө чейин көрсөтүп берди.

Любек шаарындагы наабайканада иштеген Альбина Кожобаевага Германияга жаңы барганда тилден кыйналганын жана транспорттун жарым саат сайын жүргөнү кыйынчылык жараткан:

― Автобустар жарым саат сайын жүрөт, бирок аны интернеттен карап убактысын билип алсаң болот. Мүмкүн жарым саат сайын жүргөндүктөн жолдордо тыгын пайда болбойт. Мунун жаман жагы, эгер кечигип калсаң кийинкисин көпкө күтүп каласың. Жумушка жетиш үчүн эки коомдук транспорт алмаштыргандык тоскоолдук жаратпай койбойт. Германияга жаңы келгенде тилден кыйналдым, кээ бир сөздөрдү унутуп калып жаттым. Бирок, кардарлар, иш жамааты туура түшүнүп кайсы бир жерден жай сүйлөп, колдорунан келишинче жардам берип жатышты.

Интернеттин баасы Кыргызстанга салыштырмалуу кымбат жана жумасына эмес айына сатылат. Ал эми, дүкөндөрдө арзандатуулар болгондо көп нерселерди арзан сатып алса болоорун Кожобаева билдирет:

― Интернетке болгон баа жогору десем болот. Мисалы 12 еврого 6 гигабайт интернет сатып аласын. Жакшы тарабы, эгер дүкөндөрдө арзандатуу болсо бир топ баасы төмөндөйт. Керектүү буюмдарды арзан баада сатып алса болот. Дагы өзгөчөлүктөрүнүн бири, 4-5 ай иштеп мотоцикл же арзан унааларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ошол эле убакта салыктардын көп болгонун да көрдүм.

Даярдаган: Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий