• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кээ бир маалымат булактар талапкер Бабановдун кызыкчылыгын коргоп, ага кызмат кылууда – Т. Акун

Коом 0

Бишкек, 27.09.17. /Кабар/. Кээ бир маалымат булактары талапкер Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгын коргоп, ага кызмат кылууда, деген пикирин Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин координатору Турсунбек Акун “Кабар” агенттигине өзү билдирди.

Анын айтымында, “Knews” сайтынын бир журналисти аны менен байланышып, президенттикке талапкер Ө.Бабановдун жана анын апасынын улуту тууралуу ММКларда жарыяланган маалыматтардын чыгышы боюнча пикирин айтууну суранган.

“Мен ага маек куруп, Бабановдун тутунган позициясын, берген ашыкча убадаларын, дегеле анын талапкерлигин колдобой тургандыгымды ачык айттым. Анын алты жылдын ичинде Кыргызстанды өнүккөн он мамлекеттин катарына кошомун деген сөзү элге сиңбей жаткандыгын баса белгиледим”, - дейт Акун.

“Бирок тилекке каршы, аталган сайт менин ага берген маегимди бурмалап, Турсунбек Акун “Бабановго каршы кара пиар уюштурулуп жаткандыгын айтты” деген сыяктуу мен айтпаган сөздөрдү жазып чыгышкан. Бабанов тууралуу айткан сын пикирлеримди текстен алып салып, анын апасынын жана өзүнүн улуту тууралуу айткан гана сөздөрүмдү жарыялашкан. Мен аталган сайтка 25-сентябрда атайын кат аркылуу кайрылып, маегимди бурмалабай чыгаруу өтүнүчү менен чыккам”, - деп кошумчалады укук коргоочу.

Андан тышкары, аталган сайт анын маегин басуудан баш тартышып, алар бирөөлөрдөн алган маектен өздөрүнө жаккан жана өздөрүнө ыңгайлуу текстти гана чыгара тургандыктарын ачык билдиришкенин белгилейт.

Укук коргоочунун пикиринде ММКлар эки жактуу, калыс, нейтралдуу, объективдүү, түрдүү көз караштарды чагылдырган маалыматтарды бериши керек.

Пикир

Оставить комментарий