• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кейн биринчи, Роналду экинчи! Евро-2020 биринчилигине тандоо турундагы чабуулчулардын рейтинги

Спорт 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. 2020-жылы өтө турган футбол боюнча Европа биринчилигине тандоо турунун оюндары жыйынтыкталды. Тандоо турунда мыкты чабуулчулар аныкталганын Чемпионат басылмасы жазат.

Тизменин сап башында Англиянын курамасынын оюнчусу Гарри Кейн жайгашты. Ал жалпы оюндарда каршылаштарынын дарбазасына 12 гол киргизди. Экинчи орунга 11 голу менен португалиялык Криштиану Роналду жана Израилдин оюнчусу Эран Захави илинди.

Евро-2020 биринчилигине тандоо турундагы чабуулчулардын рейтинги:

1. Гарри Кейн (Англия) — 12

2. Криштиану Роналду (Португалия) — 11

3. Эран Захави (Израиль) — 11

4. Теему Пукки (Финляндия) — 10

5. Александр Митрович (Сербия) — 10

6. Артём Дзюба (Россия) — 9.

Пикир

Оставить комментарий