• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кекиликтерге мыйзамсыз аңчылык кылган тажик жарандарына айып пул салынып, өндүрүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кекиликтерге мыйзамсыз аңчылык кылган Тажик Республикасынын 6 жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекция жүргүзгөн активдүү иш-чаранын алкагында, кармалган жарандардан аңчылык кылууда колдонулган кекилик кармоочу торлор, куштарды кармоочу капастар жеринде тартылып алынды.

Алар Тажик Республикасынын Исфара шаарынын тургундары Шавкатзода Бехрузчон, Тошматов Толибжон, Тошматов Завар,Тошматов Иброхим, Нарзиев Джавлонидин жана Гафуров Хурмед экендиги аныкталды.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан жеринде протоколдор толтурулуп, жогорудагы жарандарга жалпысынан 58000 миң сом айып пул салынды. Учурда Мамэкотехинспекция тарабынан салынган айып пул толугу менен өндүрүлүп, Мамлекеттин эсебине өткөрүлдү. Алынган далил буюмдар өрттөлүп жок кылынып, кармалган куштар кайрадан эркиндикке кое берилди.

https://ssl.gstatic.com/ui/v1/icons/mail/images/cleardot.gif

Пикир

Оставить комментарий