• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Келечек конушунда жоголгон 5 жашар бала "Дордой" базарында табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.09 /Кабар/. Келечек конушунда жоголгон 5 жашар бала "Дордой" базарында табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милиция кызматы билдирди.

Милициядан белгилешкендей, кечээ болжол менен саат 15:00дө Свердлов райондук милициясына Келечек конушунда 5 жашар А.Э. аттуу бала үйүнөн чыгып, кайра келген жок деген маалымат түшкөн.

Издөөгө киришкен милиция кызматкерлери баланы "Дордой" базарынын аймагынан табышып, ата-энесине тапшырышкан.

Пикир

Оставить комментарий