• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Келечекке камкордук. Ала-Бука милициясы өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Ала-Бука милициясы жаш өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызмат билдирет.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан алдын алуу иш-чаралары уюштурулуп, райондук мамлекеттик билим берүү, социалдык коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана имамдар менен биргеликте Ак-Коргон айыл аймагындагы мектептерде болушту.

Аталган топ тегерек стол форматында жогорку класстын окуучулары менен жолугушуп, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, ар кандай укук бузуулардын, жоруктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында - «Биз баңгизатка каршыбыз!», «Жаштар дени сак жашоо үчүн!» темасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аягында суроо-жооптор менен коштолду. Андан сырткары А.Юсупалиев атындагы орто мектебинде жашы жете элек өспүрүмдөргө карата «Зордук-зомбулукка жол жок!» темасында, ырайымсыз мамилелердин алдын алуу максатында ата-энелер менен чогулуштар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чараны ата-энелер жана окуучулар колдошуп, айрыкча мектепти аяктап жатып улуу муундан акыл насаат алып, келечекке туура кадам таштап, терс көрүнүштөрдөн алыс болуп, тартипти сактоо менен татыктуу билим алышарын белгилеп өтүштү.

Мындай иш-чаралар башка айыл аймактар боюнча да улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий