• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Келечектеги чакырыктардын бири — Кумтөрдө алтынды казып алуунун азайышы күтүлүүдө - президент

Президент 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. "Келечектеги чакырыктардын бири — бул Кумтөрдө алтынды казып алуунун азайышы күтүлүүдө", - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында.

Мамлекет башчысы билдиргендей, Кумтөрдү эске албаганда, мамлекеттик бюджетке тоо-кен тармагындагы ишканалардан түшкөн киреше болгону 2 млрд сомдон ашпайт.

"Демек, өнөр жайдын дээрлик жарымына барабар болгон көлөмдү башка өндүрүштөр менен ордун толуктоо маселеси турат. Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан тобокелчиликти азайтуу үчүн — өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл деп эсептейм. Бүгүнкү күндө, өнөр жайдын абалы алтынды өндүрүүгө жана экспорттоого көз каранды болуп калды", - деди президент.

Өлкө башчысы кошумчалагандай, алтын казуудагы өзгөрүүлөр, мисалы, алтынга болгон баа, өндүрүү технологиялары, саясий процесстер, табигый катаклизмдер — биздин өнөр жайды дароо артка тартат.

"Ошондуктан Өкмөт, өлкөнү алтын казуудан түздөн түз көз каранды болуп калуу тобокелдигинен арылта турган концепцияга өтүүсү керек. Жалпы эле өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий