• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Келечектин мектеби» долбоорун апробациялоого даярдоо үчүн мугалимдерге семинар өткөрүлөт

Билим 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги өлкө мектептеринде көп баскычтуу санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү жана адам ресурстарын эффективдүү колдонуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт жаратуу максатында «Келечектин мектеби» (Акылдуу мектеп) долбоорун иштеп чыккан. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Долбоордун приоритеттүү багыттары:

1. Мектептерди кеңири тилкелүү Интернет жана керектүү компьютердик каражаттар менен камсыз кылуу;

2. Педагогдордун компетенциясын жогорулатуу;

3. Окутуунун заманбап санариптик дидактикалык каражаттарын түзүү;

4. Мектепте электрондук башкаруу жана электрондук тейлөөнү ишке ашыруу.

Бул долбоордун алкагында ар бир областтан, Ош шаарынан бирден мектеп жана Бишкек шаарынан 2 мектеп тандалып алынган.

Учурда «Альфа Телеком» (Мегаком) компаниясы долбоордун төртүнчү пунктунда каралган «Электрондук күндөлүк», «Электрондук ашкана» жана жана «Электрондук өткөрмөнү» 10 мектепте ишке ашыра баштады.

Ошондой эле министрлик окуучуларга электрондук контент иштеп чыгуу боюнча Жогорку технологиялар паркы менен меморандум түздү.

Учурда Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөру менен долбоордун айрым багыттарын колдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, каржылык колдоого алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдандагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдердин ИКТ компетенттүүлүгүн жогорулатуу үчүн 72 саттык программа иштеп чыкты.

«Келечектин мектеби» моделин апробациялоого даярдоо үчүн 10 пилоттук мектептин мугалимдерине окутуу семинарлары уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий