• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Келерки жылы архивдик материалдарды санариптештирүүгө, сактоочу жайларды жакшыртууга каражат каралаары айтылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралууда. Ошону менен катар “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы чогуу каралууда. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

2-окуудагы өлкө бюджети тууралуу мыйзам долбоорлору боюнча Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев баяндама жасады.

Суроо-жооп маалында депутат Жыргалбек Калмаматов чет жерде жүргөн эмгек мигранттарынын саны 1 миллионго чамалап калгандыгын белгилеп, келерки жылдардын бюджетине каралган 34 млн сом алардын укугун коргоого жетип-жетпесине кызыгып, чет өлкөлөрдөгү боордоштордун маселесине өкмөттүн көңүлүн бурду.

Депутат Бакирдин Субанбековдун суроосунан кийин жалпы эле архивдик материалдарды санарипке өткөрүүгө 1 млрд сомдун тегерегинде каражат карала тургандыгы белгилүү болду. Ошону менен катар архивдик материалдарды сактоочу жайлардын абалына дагы көңүл бурула тургандыгы кошумчаланды. Депутат Зиядин Жамалдинов темир жол вагондорунун жетишсиздигинен көмүр, цемент, кум, шагыл жана башкалар экспортко чыкпай жатканына токтолду. “Кыргыз темиржолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги тендерден утуп алган казак компаниясы алдыдагы айдын башында вагондордун биринчи партиясы келе тургандыгын маалымдады.

“КР Өкмөтүнүн сунуштаган өлкөнүн өнүктүрүү божомолу катардагы эле өкмөттүн программасы”,- деген депутат Айтмамат Назаров Экономика министрлиги тарабынан өнүгүү жаатында жаңы демилгелер көтөрүлбөй жатканын сынга алды. Ошону менен катар эл өкүлү айрым чечилбеген маселелердин баарын эле айыл өкмөттөрүнүн бюджетине киргизип коюу туура эместигин кошумчалады.

Келерки жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар боюнча беренеси боюнча 2 млн 900 сом акча каражаты дагы көбөйүшү мүмкүндүгү айтылып, аларды жумшоону эртелетүү маселеси белгиленди.

Депутат Алмазбек Эргешов аймактарда, айыл жерлеринде жумуш орундарын түзөбүз деген ишкерлерге Кыргыз-орус фондунан каражат алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү, жеңилдиктерди кароо керектигин сунуш кылды.

Суроо-жооп уланууда.

Пикир

Оставить комментарий