• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Келерки жылы газ менен иштеген 550 мВт электр станциясын курууну баштоо пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Биз газ менен иштей турган 550 мегаваттуу электр станциясын курууну баштадык. Бул тууралуу парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, “Газпром” жеткирүү боло тургандыгына кепилдик берүүдө.

Ал белгилегендей, ЖЭБ-2 аймагына жергиликтүү тургундар үй салып, мамлекет башчынын тапшырмасы менен буга чейин документтери берилгендиктен, бул жерде курулуш иштери токтоп турат.

“Азыр курулушка салым кошууну каалаган ишкерлер башка вариантын сунушташууда: Кыргызстан менен Казакстандын чегине жакын Кара-Балтада электрстанциясын куруу. Мен бул маселе январда чечилет деп ойлойм, ал эми февралда курулушу башталат”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий