• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Келин алсам, кесибимди ага өткөрүп берем – “Дордой” базарында чай саткан Чынара эже

ТАГДЫР 0

Бишкек, 01.11.17 /Айсулуу Кабылбекова - Кабар/. Сатуучуларга ысык чайын, май токочун, жада калса ысык тамагын иш ордуна жеткирип берген Чынара эже “Дордой” базарынын борбордук өтмөгүнүн “апасына” айланган. Эжебиздин арабасы сыйкырдуу кутуча сымал, жегиң келген нерсенин баарын таба аласың. Ал эми ар дайым жылмайып турган Чынара эженин таттуусунан курсагың гана эмес, көңүлүң да тойчудай. Эжебиз менен чай сатып иштөөнүн ысык-суугу тууралуу маектешип келдик.

Чынара эженин чай сатып иштегенине 15 жылдын жүзү болгон. Бул убакыттын ичинде борбордук өтмөктөгү сатуучулардын баары жеке анын кардарына айланган. Алгач суусундук, кийин пирожки, салат сатып баштап, бара-бара арабага тамак ташып иштеп калган.

“Күнүгө таңга маал беште турам. Жол азабы менен базарга жетиде жетем. Бул жактан кайнатылган суу, чай, сүт жана башка азыктардын баарын эле даяр түрдө алып үстүнө бир аз кошуп сатабыз. Ошентип арабамды тамак-аш менен толтурам да өтмөктү кыдырып жөнөйм. Кечке чейин тыным жок, күн чыга электе үйдөн чыгып кеткен жаным, кайтканда күн уясына кирип калган болот”,- деп айтып берди Чынара эже.

Күнүнө тапкан миң сомдун тегерегиндеги каражат менен үй-бүлөсүн багып келет. Кышы-жайы күндүн ысык-суугуна карабай иштеп, адал эмгегинин артынан эки кызын, бир уулун жогорку окуу жайда окутуп, кичүүсүн мектепте окутуп жаткан учуру.

“Өзүм ашпозчунун окуусун бүткөм. Анан пахта иштетүүчү фабрикада кесибим менен бригадир ашпозчу болуп иштечүмүн. Кийин 90-жылдары кичүү кызымды төрөп декретке чыкканда Союз таркап, фабрика-завод аттуунун баары менчиктешип кетиптир, жумушсуз калдым. Ошол убакта жолдошум эки жумушта иштеп, мен болсо бала менен үйдө отуруп калгам. Жолдошум экөөбүз Бишкектин четиндеги жаңы конушка кыйналып-кысталсак дагы үй салып алдык. Бир жылдан бери күйөөм жумушсуз үйдө болуп калды”,- дейт Чынара эже.

Каарманыбыздын айтымында, жасаган ишиң адал болсо, андан уялуунун кажети жок. Ошондой эле келечекте келиндүү болсо, бул кесибин ага өткөрүп берээрин да кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий