• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

"Келин таш" тасмасы Дубайда өткөн фестивалда мыкты деп табылды

Маданият 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Кыргызстандык режиссер Гүзел Дүйшөнкулованын "Келин таш" тасмасы Дубайда өткөн фестивалда мыкты деп табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасма тогузунчу "WOW Film Festival" эл аралык кинофестивалынын конкурстук программасында көрсөтүлгөн.

Эске сала кетсек, "Келин таш" ушул жылдын февралында Лос-Анджелестеги кинофестивалда эки сыйлыкка татыган: “Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма” жана “Мыкты аял режиссёр”.

Кинонун сценарийи Топчүгүл Шайдуллаеванын баянынан алынган.

Пикир

Оставить комментарий