• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Келинин сабаган кайненеге 5 миң сом айып салынды

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Аламүдүн райондук соту 1956-жылы туулган Мария аттуу (М.С. аты өзгөртүлдү) жарандын кылмыш ишин карап чыкты. Ал КР КЖКнын 112-беренеси (Атайылап адам саламаттыгына жеңил залал келтирүү) боюнча айыпталып жаткан.

Сот аныктагандай, 2018-жылдын 1-июлунун таңында, чамасы саат 07:00дө Мария келини Лунарага (Л.Р. аты өзгөртүлдү) кеч турарын, көп уктаарын, таңкы тамак жасабасын айтып, швабра менен келинин колго, бутка, бетке бир нече ирет урган. Натыйжада Лунара жеңил жаракат алган.

Сот отурумунда Мария күнөөсүн моюндаган эмес.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Лунаранын денесиндеги жаракаттар мээнин чайкалышына мүнөздүү болуп, ал катуу бир буюмдан тийген соккудан улам келип чыгышы ыктымал жана жаракат алган убактыт иштин жагдайларында көрсөтүлгөн мезгилге дал келиши мүмкүн. Жараткат жеңил деп табылган.

Иштин материалдарында турган жана тергөөчү далил катары тааныган жабырлануучунун сабалгандан кийинки сүрөттөрү анын ур-токмок жегенин көрсөтүп турат. Сүрөттө кол, эрин, буттарындагы жаракаттары көрүнүп турат.

Сот Марияны КР КЖКсынын 112-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миң сом айып салган.

Пикир

Оставить комментарий