Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30%га көтөрүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 9.08.18. /Кабар/. Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30%га көтөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Белгиленген чечим аркылуу келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин (катардагы, сержанттык жана улук курамдын) айлык маянасы пайыздык катышта 30 пайызга көтөрүлдү.

Бул чечим аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуу деңгээлин жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максаттарында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий