• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кемелова Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башчысынын орун басары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директорунун орун басары Хасан Клейб менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты, анын алкагында Кыргызстандын тең салмактуу жана эффективдүү эл аралык интеллектуалдык менчик тутумунун жардамы менен экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү үчүн инновацияларга жана чыгармачылыкка көмөк көрсөтүлүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директорунун орун басары Хасан Клейб БДИМУнун Академиясында жарандардын бардык категориялары, атап айтканда, мамлекеттик кызматчылар, ойлоп табуучулар жана авторлор, ишкерлер, студенттер жана мугалимдер үчүн интеллектуалдык менчик боюнча окуу курстарынын программалары өтүп жаткандыгын билдирди.

Д.Кемелова кол өнөрчүлөрдү жана айыл чарба продукцияларын, анын ичинде Кыргызстанда өстүрүлгөн күрүчтү бренддөө, ошондой эле айыл чарбасына жана экологияга жаңы технологияларды киргизүү маселесине токтолду.

Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директорунун орун басары Хасан Клейб өнүктүрүүнү жана долбоордук ишмердүүлүктү, анын ичинде экологиялык жактан коопсуз технологияларды жеткирүүчүлөрдү жана алуучуларды бириктирүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык күч-аракеттерди колдогон «WIPO GREEN» платформасын колдоо боюнча кызматташуунун келечеги тууралуу маалымдады.

Хасан Клейб уюм тарабынан Кыргызстанга жаңы технологиялар жана интеллектуалдык менчик жаатында максималдуу колдоо көрсөтүлөрүнө ишендирди.

Маалымат үчүн: Окуу курстарынын программалары тууралуу маалымат менен төмөнкү дарек боюнча таанышса болот: www.wipo.int/academy/ru/

Пикир

Оставить комментарий