• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кемелова БУУнун жана Латын Американын өзөктүк курал боюнча өкүлдөрү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун башкы катчысынын орун басары жана Терроризмге каршы башкармалыгынын (UNOCT) башчысы Владимир Воронков, ошондой эле Латын Америкасында жана Кариб бассейнинде өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча агенттигинин (ОПАНАЛ) башкы катчысы Флавио Роберто Бонзанини менен жолукту.

ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу Кемелованын Нью-Йоркто Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин 10-обзордук конференциясына катышуусунун алкагында өттү.

Воронков менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда долбоордук жана программалык иш-чараларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар региондо терроризмге жана экстремизмге каршы алдын алуу чараларын көрүүгө көмөктөшүүчү БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Борбордук Азия үчүн жаңыланган биргелешкен аракеттер планынын кабыл алынышын канааттануу менен белгилешти.

Динара Кемелова UNOCTнин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, буга байланыштуу башкармалыгынын өкүлүнүн аймакта болуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал эми ОПАНАЛдын башкы катчысы менен болгон жолугушуунун алкагында Борбор Азия менен Латын Америкасынын өзөктүк куралсыз аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Министрдин орун басары мындан аркы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү үчүн негиздерди түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумун эрте бүтүрүүгө кызыктар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий